MAP.KG
Экотуризм (Гиды)
2
17.02.2024 Автор: admin 1 404 0

Таластын жанындагы Айдын көл



Талас шаарынан анча алыс эмес жерде, чытырман токой каптаган дарыянын жээгинде чакан көлмө чарбасы жана жергиликтүү тургундардын «Айдын Көл» деп атаган сүйүктүү эс алуу жайы бар. Бул жерде ар бир конок меймандостук жана сооронуч болот. Сизди кызыктуу эки кабаттуу боз үйгө чакырышат, анда жергиликтүү ашкананын даамын татып гана тим болбостон, көлмөнүн бейпил бетинде чагылган айдын жарыгына суктанып түндү өткөрө аласыз. Ал эми балык уулоону жакшы көргөндөр үчүн карп, сазан жана амур балыгын кармоого мүмкүнчүлүк бар.





Көлмөнүн жалпы аянты жана үйү, бакчасы, павлин, бөдөнөлөр жана башка чарбалык курулуштар жайгашкан аянт бир гектардан бир аз ашат. Ал эми Айдын-Колдун бир өзгөчөлүгү, көлмөнүн жээгинин бир топ бөлүгү биотоп үчүн сакталып, оригиналдуу табигый калың бак-дарактар жайгашкан. Бул жерге өзгөчө атмосфера берип, сууда сүзүүчү канаттууларды коргоого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Үй ээлери меймандос, жаратылышты сактоого кам көрүшөт.





Алар жергиликтуу токой чарбасы менен кызматташып, тегерек-четтеги браконьерликтин фактыларына активдуу бөгөт коюп, аймактагы кеминде алты гектар жайылма токойду коргоп турушат. Жергиликтүү чарбанын экотуризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, калдыктарды башкарууда кандайдыр бир көйгөй бар, бул экологиялык абалды жакшыртуу үчүн кыйынчылык.





«Айдын Көл» жеке чарбасынан алыс эмес жерде Каныкей апанын булагы агат. Каныкей – Манас баатырдын жубайы, кыргыз элинин турмуш-тиричилигинин энциклопедиясы болгон ушул эле аталыштагы “Манас” эпосунун башкы каармандарынын бири.
Жакын жерде аккан дагы бир булактын аты Айчүрөк апа. Айчүрөк дагы уламыштардын каарманы. Бул Манастын уулу Семетей баатырдын колуктусу, анан аялы. Келечекте Каныкей апа жана Айчүрөк апа булактарынын болушу бул жерлерге этникалык-тарыхый турларды, экскурсияларды өнүктүрүү үчүн кызыктуу болушу мүмкүн.





Айдын Көл эс алуу жайына барыңыз жана кайталангыс жаратылыштын, меймандостуктун жана тынчтыктын дүйнөсүнө сүңгүңүз! Кожоюндары Эшеналиев Бузурман жана Бүбүя Атагулова менен телефон аркылуу байланышсаңыздар болот/WhatsApp: 0(705)619979. Алар ар дайым маалымат менен бөлүшүүгө жана суроолоруңузга жооп берүүгө даяр.

Дареги: Талас шаары, Манас Ордого бурулушта, Ак Жар айылы, Алапаев көчөсү 2.



Popular News
New Articles