2012-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу түзүлгөн. Корук Арстанбап-Ата жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын жерлеринде (токой фондусунун жерлеринде) уюштурулуп, учурда анын аянты 7958,1 га. Коруктун буфердик зонасын коруктун карамагына өткөргөн эки токой чарбасынын жайыттары жана чабындылары түзгөн.