Бабаш-Ата кырка тоосу (узундугу 100 километрге жакын, деңиз деңгээлинен 4427 метрге чейин) батыштан Фергана кырка тоосу менен чектешет. Тоонун түштүк-батыш капталдарында тоо жарым чөл өсүмдүктөрү өнүккөн, деңиз деңгээлинен 1600 – 2800 метр бийиктикте – жаңгак, жапайы алма дарактары, алмурут, алча жана башка. Жалбырактуу токойлордун алкагына: жаңгак, клен, алма, алча, алмурут, долоно, барбарис, карагат, итмур кирет.